Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Бүткүл дүйнөлүк Таэквондо (WT)

Бүткүл дүйнөлүк  Таэквондо (WT)Өлкө япондук оккупанттардан бошонгондон бир нече жылдан кийин, Кореянын белгилүү спорт ишмерлери корейдин салттуу күрөш маданиятын кайра  жандандыруу иштерин жүргүзүшкөн.

1961-жылдын сентябрь айында Кореянын Таэквондо Ассоциациясы түзүлгөн.

1962-жылы февраль айында Ассоциация Кореянын спорт түрлөрүн сүйүүчүлөр Ассоциациясынын жыйырма жетинчи расмий мүчөсү  болгон.

Бүткүл дүйнөлүк  Таэквондо (WT)Заманбап таэквондонун тарыхынын башталышын  1973-жылы 28-майда Сеулда өткөн уюштуруучу конференциясынан баштап эсептесе болот, ал жерге 35 ар кайсы өлкөдөн  келген өкүлдөр Бүткүл дүйнөлүк Таэквондо Ассоциациясын түзүүнү чечишкен. Бул конференция биринчи дүйнөлүк чемпионат мезгилинде өткөн, ал жерде 19 өлкөнүн 200 спортсмендери катышкан. Бул мелдештин уюштуруучусу Корей Таэквондо Ассоциациясы болгон. Чемпионаттын уюштуруучулары жана коноктору World Taekwondo Federation (WTF)   жаңы уюмунун Уставын кабыл алышкан. Жаңы уюмдун штаб-батири Куккивон – Бүткүл дүйнөлүк Таэквондо  Борбору болуп калды.  Доктор Ун Ен Ким  президент  болуп шайланган, ал бул кызматты 30 жыл ээлеген. Дал ошол таэквондону Олимпиадалык үй-бүлөнүн мүчөсү кылган  жана жогорку келечекке жол таштаган.

1975-жылы 8-октябрда WTF  Эл аралык спорттук федерациясынын Башкы ассоциациясынын мүчөсү болгон.

1980-жылы 17-июлда WTF Москвадан Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин 83-сессиясында аккредитацияны алган.

 

Бүткүл дүйнөлүк  Таэквондо (WT)Таэквондо Олимпиадалык аренага 1998-жылы Сеулдагы 24 Олимпиадалык Оюндарга  жана 1992-жылы Барселонадагы 25 Олимпиадалык Оюндарга  көргөзмөлүү спорт   катары кирген.

1994-жылы 4-сентябрда Таэквондо WT Олимпиадалык спорттун  түрү наамын алган жана 2000-жылы  Сиднейде өткөн Олимпиадалык Оюндарында биринчи Олимпиадалык таймаштарга катышууга  уруксат алышкан. Бул чоң окуя Париждеги МОКтун 103-сессиясында  болгон. Дүйнөлүк уюм жыл сайын бул күнү Бүткүл  дүйнөлүк таэквондо күнүн белгилешет.

1995-жылы 15-февралда WT Олипиадалык жайкы оюн Ассоциациянын түрүнүн мүчөсү болгон.

Ал эми 2000-жылы 27-30-сентябрда  таэквондо дүйнөсүндө көптөн бери күткөн чоң окуя болгон. Ошондо таэквондо боюнча биринчи расмий Олимпиадалык мелдеш болгон.

Бир нече жылдан кийин доктор Ун Ен Ким отставкага кетет жана 2004-жылы 15-февралда доктор Сун Дже Парк WTFнын  Президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

 

Бүткүл дүйнөлүк  Таэквондо (WT)Бүткүл дүйнөлүк  Таэквондо (WT)2004-жылы 11-июнда  Бүткүл дүйнөлүк таэквондо  Чун Вон Чу аттуу жаңы лидерлүү болгон, ал таэквондону жаңы баскычка чыгарган.

2004-жылы 26-29-августта Афинде 28 Олимпиадалык Оюндарда кезектеги мелдеш өткөрүлгөн.

2005-жылы  20-июлда  WTFнын курамына  Океандын Таэквондо Союзу кошулган.

2006-жылы 4-сентябрда техникалык комплекс пумсу боюнча биринчи Чемпионат өткөрүлгөн.

2008-жылы 20-23-августта Пекинде кезектеги Олимпиадалык мелдеш өткөрүлгөн.

2009-жылы 10-июнда Пара-таэквондо боюнча биринчи Чемпионат өткөрүлгөн.

2009-жылы калыстардын электрондук системасы жана видео кайталоо системасы иштей  баштаган. 2012-жылы 8-11-августта Лондондо Олимпиадалык мелдеш болуп өткөн.

2012-жылы 21-ноябрда мелдештин төмөнкү жаңы түрлөрү иштелип чыккан: кадеттер арасындагы Дүйнөлүк Чемпионаты жана Гран-принин Бүткүл дүйнөлүк сериясы.

2013-жылы 12-февралда  Токиодогу Олипиадалык  Оюнда  спорттун негизги түрүнүн тизмесине киргизилген.

2015-жылы 31-январда пара-таэквондо Токиодогу Паралимпиялык Оюн программасына киргизилген.

 

Бүгүнкү күнү бул спорттун популярдуулугу жана күйөрмандары күн санап өсүүдө. Мелдештин уставы, эрежелери эл аралык ышкыбоз сопрт түрүнө жооп берет. Бүткүл дуйнөлүк таэквондо федерациясына 208 өлкө кирет. Бүгүнкү күндө бул ассоциация дүйнө жүзү боюнча  саны жагынан ФИФАдан кийин экинчи орунда турат.