Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Таэквондо дисциплиналары

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча таэквондо күрөш искусствосунун ичинен сулуу жана ар тараптан өнүккөн түрү катары эсептелинет. Ошондуктан өзүнүн квалификациясы бар, башкача айтканда таэквондо мелдештерин өткөрүү боюнча үч дисциплинасы бар: КЕРУГИ (спарринг), ПУМСЭ (орун которуу техникасы), КЕКПА (буюмдарды сындыруу).

 

КЕРУГИ

 

Таэквондо дисциплиналарыКеруги орус тилине которгондо спарринг дегенди билдирет. Башкача айтканда, эки теңтайлашуучунун өз ара таймашуусу, тренировка процессинде үйрөнгөн көндүмдөрүн жана билгичтерин практикада көрсөтө алышы. Дал келген атаканы, кол жана буттун коргоону техникасын, орун алмашууну, жекеме күрөшүүнүн тактикасын демонстрациялоо. Бул мүмкүнчүлүк уруунун бай арсеналын болушунча колдонууга, туруктуулукту чыдамкайлуулукту көрсөтөт, мүнөзүн, жеңишке эркиндикке ээ экендигин көрсөтө алат. Мелдеш учурунда бардык спортсмендер расмий эрежелерди аткарышат, ошонун ичинде уруунун уруксат берилген жана тыюу салынган, белгилүү зонага уруксат берилген жана тыюу салынган урууларды аткарышат.

Жеңиш үчүн жакшы рефлекс, чечкиндүүлүк, ылдамдык, терең ой жана аралыкты сезүүсү керек. Керуги, WTнын спарринг түрү олимпиадалык спорттун түрү болуп саналат. Олимпиадалык салмак категориясы улуттук, континенттик жана дүйнөлүк мелдештерде колдонулган категориядан айырмаланат.

 

 

Таэквондо дисциплиналарыКеруги боюнча мелдеш төмөнкүчө  бөлүнөт:

  • Жеке мелдеш. Бирде салмактагы жана бир жаштагы спортсмендер арасында өткөрүлөт. Бардык турнирлер жана биринчиликтер “олимпиадалык система” боюнча өткөрүлөт, башкача айтканда утулган спортсмен оюндан чыгат, уткан турнирдин кийинки этабына чыгат. Чанда гана “айланпа системасы” колдонулат, спортсмендер өз ара жупташып калса, баарынан кимдин жеңиши көп болгон спортсмен утат.
  • Командалык мелдеш. Командалар арасында өткөрүлөт, бирдей жаштагы, бирок ар кандай салмактагы беш спортсменден турган команда. Күрөш бир команданын үчтөн кем эмес жеңишке чейин өткөрүлөт, утулган команда оюндан чыгат, уткан команда турнирдин кийинки этабына чыгат.
  • ТК5. Командалар арасында откөрүлөт, ар бир команданын курамында бетен спортсмен болот. Бир урушта дароо эле бир команданын бардык спортсмендери катышат, доянга бири-биринин артынан чыгышат. Уруш токтоосуз өтөт, команданын бардык мүчөлөрүнүн упайлары кошулуп, жалпы эсеби чыгарылат. Биринчи 5 мүнөттө спортсмендер ырааттуулукта чыгышат: 1v1, 2v2, 3v3, 4v4, 5vs5, — бир мүнөттөн беш күрөш. Раундун кийинки экинчи 5 мүнөттө, тренер күрөш жүрүп жатканда каалаган мезгилде спортсменди алмаштыра алат. Урушта эң көп балл топтогон команда жеңип чыгат.

 

Жалпы командалык зачет. Таэквондо, спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле, турнирлерде жалпы командалык зачет болот. Жалпы командалык зачетте балл төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

  • ар бир чыккан спортсмен үчүн команда 1 балл алат;
  • ар бир призерго 3 балл;
  • ар бир финалистке 4балл;
  • ар бир чемпионго 7 балл.

Жыйынтыгында кайсы команда башкалардан көп балл алса, ошол турнирде эн күчтүү деп табылат.

 

ПУМСЭ

 

Таэквондо дисциплиналарыКуккивон Таэквондо окуу борборунун аркасында, таэквондо техникасы системаланган, окутуунун ыкмасын жана инструкторлордун квалификациясына талаптарга жооп берет, таэквондо Пумсэ базалык комплекстүү көнүгүүлөрдүн негизинде таэквондо машыгуучуларын жогорку деңгээлдеги программанын негизинде даярдоону берет. Бул комплекс атака кылгандардын бирдиктүүлүгүн жана таэквондо техникасынын, кол жана буттун ырааттуулук комбинация техникасынан түзүлгөн коргонуусун, элестетилген кармашуучу менен кармашуусу маанисин көрсөтө алат.

Пумсэ боюнча мелдештин эрежелери жекелик жана командалык мелдештерде колдонулат. Эрежелер ушул сыяктуу башка дисциплиналардын жолугуушулардын жана мелдештердин өзөгү болуш керек. Жекелик жана командалык программада мелдешке катышуучулар квалификациясы биринчи Дандан кем эмес болуш керек. Синхрондук команданын үч катышуучусу болуш керек. Команданын катышуучуларынын жашы 16 жаштан жогору болуш керек.

 

Мелдешти өткөрүү тартиби:

Таэквондо дисциплиналары

Биринчи айланпа. Ар бир катышуучу, ошондой эле синхрондук команда пумсэ комплексинин бир айланпасын аткарышы керек. Синхрондук команда үчүн пумсэ милдеттүү болуш керек, команданын катышуучусунун квалификациясын бекемдөө үчүн керек.

Экинчи айланпа. Ар бир катышуучу жана синхрондук команда бир эркини пумсэ аткарышы керек.

Үчүнчү айланпа – акыркы. Ар бир спортсмен жана синхрондук команда бир эркини пумсэ аткарышы керек.

Спортсмен, анын  дан деңгээлине жараша өзүнүн милдеттүү пумсэ аткарышы зарыл. Тандап алынган пумсэ катышуучуга берилген дандан 2 тепкич жогору болбошу керек. Балл ЮМ 0го бөлүнөт. Баа пумсэнин колдонулушунан алынган таасирди  чагылдырыш керек. Калыстар тарабынан коюлган баллды турнирдин катчысы чогултуп эсептейт. Булкоюлган суммадан кийин эң жогорку жана эң төмөн балл деген жокко чыгарылат. Калган суммадан орто  арифметикалык балл чыгарылат. Алдын алуу жана жыйынтыктоочу айланпада бирдей счет болсо, анда орто эсепти чыгарган эң жогорку жана эң  төмөнкү счет эске алынат. Эгерде бирдей счет болуп калса, анда  ага чейинки айланпанын эң жогорку жана эң  төмөнкү баллдар эскеалынат. Бардык үч айланпадан кийинки бирдей счет болуп калганда төртүнчү айланпа берилет.

Жыйынтык эсепте бардыгынан эң көп балл алган спортсмен же синхрондук команда мелдештин жеңүүчүсү болуп табылат. Таэквондонун бул түрү көргөзмө чыгууларда колдонулат жана көптөгөн спортсмендер так ушул дисциплина боюнча эмгектенишет. Пумсэ багыттары боюнча улуттук, континенталдык жана дүйнөлүк чемпионаттарда өткөрүлөт.

 

КEКПА

 

Таэквондо дисциплиналарыКeкпа  таэквондонун бир дисциплинасы, анда Таэквондонун күчүн жана техникасын көрсөтүү менен ар түрдүү буюмдарды сындыруу түшүнөт. Кекпа мелдеш программасы катары негизинен Түштүк Корея территориясында таралган. Буюмдарды сындыруунун аткаруу техникасынын көптөгөн түрлөрү бар: жекелик сындыруу техникасы, группалык сындыруу техникасы, күч менен сындыруу, татаал техника колдонуу менен сындыруу жана буюмдарды ар түрдүү акробатикалык элементтерди камтуу менен сындыруу.

Бүгүнкү күндө кекпанын эң акыркы багыты кенири колдонулуп келе жатат. Бир дагы көрсөтмөлүү чыгуулар буюмдарды татаал акробатикалык уруу менен сындыруусуз өтпөйт.

 

Таэквондо дисциплиналарыКекпаны аткаруудагы эң маанилүү мезгил: техника, кү, ылдамдык, концентрация жана кунт коюу, ийкемдүүлүк жана шамдагайлык. Туура кабыл жана туура кыймыл эң маанилүү болуп эсептелет. Туура кабыл – бул туура тууру, дистанция жана күчтүн бурчу. Туура кыймыл – бул корпустун туура иштеши, дене салмагын которуу жана дененин ар кайсы мүчөсүн максималдуу күчтү өнүктүрүү максатында которуу.

Кекпа практика жүргүзгөн спортсмендин квалификациясын демонстрациялаган акыркы дисциплиналардын бири. WTда кекпа түстүү жана кара курга аттестация берүүдөгү бирден-бир маанилүү элементи. Таэквондонун түрүндо күч менен сындыруу жана атайын техъника, 2 м бийиктикте буюмдарды сындыруу, өз алдынча мелдештин түрү катары таанылган.

 

ХОШИНСУЛЬ

 

Таэквондо дисциплиналарыТаэквондо тарыхтан өзүн-өзү коргоо чарасы катары пайда болгон, таэквондистин денеси анын куралы, душмандын мучтум менен, чыканак менен, тизе менен, бут менен жана башкадене мүчөсү менен качыруусун чагылдырат жана качырат.

Качыруу линиясынан кетүү, душмандын инерциясын жана күчүн колдонуу, адамдын физиологиясын билүү – мына ушуларды менен билүү бир же бир нече душмандарга туруштук бере алат.

Хошинсуль – бул коргонуу системасы, ал өз ичине спорттук мелдештерде гана эмес, чыныгы күрөш кырдаалында техникалык спектр кыймылдарын колдонушун камтыйт.

Хошинсуль өз алдынча бөлүм катары уруунун бардык деңгээлин, оорууга чыдоо жана оорууну контролдоо, ошондой эле куралдын түрлөрүн бирдиктүү чогултуу.

Таэквондо дисциплиналарыБул бөлүм спорттук беттешүүлөрдө гана эмес, чыныгы шарттарда адамда техниканы колдонуу көндүмдөрүн иштеп чыгууга жардам берет. Бул бөлүмдүн техникасы мелдештин эрежелери менен бөлүнбөйт.

Таэквондодон бөлүнгөн Хошинсулдун бөлүмү маанисиз. Ал дисциплиналар боюнча мелдештер өткөрүлбөйт. Бул программанын түрү, бир “каарман” 2-3 таймашуучуга карама-каршы тура алган Таэквондонун колдонмо мүмкүнчүлүгүн демонстрациялайт. Спортсмен милдеттүү техникалык ыктарды аткара алышы керек, эңкейүү техникасын демонстрациялай алышы керек, курчоодон бошонууну билиш керек, куралга каршы коргонууну билиш керек.