Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Таэквондонун тарыхы

Таэквондонун тарыхыКореянын күрөш искусствосунун тарыхы эки миң жылды камтыйт. Бул узак жолдо кытай жана япон салттарынын күрөш стилинин жана багыттарынын таасиринде корей мектеби жана стили өнүгүүнүн көптөгөн доорлорун кечирген. Корей күрөш искусствосунун философиялык концепциясы конфуцианисттердин жана буддизмдин күчтүү таасири астында да өнүккөн. Ошентип, корей күрөш искусствосу өз ичине корей, кытай жана япон чеберлеринин укмуштуу техникаларын жана тажрыйбаларын, улуттук өзгөчолүктөрүн жоготпостон алган. Мунун баары Кореядагы Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин окшош техникалык арсеналы жана философиялык принциптери жакындыгы бар окшош багыттар болгон.

1950-1953-ж. Корей согушунан кийин коомдо бирдиктүү күрөш искусствосун түзүү жөнүндө ой пайда болгон, ал улуттун духун көтөрүү символу болооруна ишенишкен. Бул идеяны 1995-жылы генерал Чой Хон Хи ишке ашырган. Ошонун натыйжасында, таэквондо улуттун символу болгон жана андан ары өнүгүүгө жолдомо алган.

Таэквондонун тарыхыЖаңы күрөш искусствосу каратенин элементтерин камтыган, стилди жараткан Японияда үйрөнгөн, субак жана таэккенди улуттук корей күрөшүнүн түрлөрүнүн базасында түзүлгөн. Корей улуттук күрөш искусствосу бирдиктүү варианты болуп калды, ал тогуз корей мектебинин (Ёнмуг-кван, Кандог-кван, Мудог-кван, Одог-кван, Санмуг-кван, Ханмуг-кван, Чидог-кван, Чханмуг-кван, Чхондог-кван) техникасын бириктирген, жана “таэквондо” деген аталышты алган – “кол жана бутка жол”, же “бутка жана муштумга жол”. Андан кийин генерал Чой Хон Хи Түштүк Кореянын президентин берилген аталышты расмий аталыш үчүн бирдиктүү стилин бекитүүнү көндүргөн.

Бул термин ошол кездеги корей күрөш искусствосунун бардык түрлөрүн өз ичине камтыган.

Таэквондонун тарыхы1972-жылы декабрь айында Куккивон Академиялык мектеби курулган. Ал эми 1973-жылы 28-майда ал жерде биринчи Чемпионат өткөрүлгөн. Ал эми үч күндөн кийин Корей таэквондо ассоциациясы Бүткүл Дүйнөлүк Таэквондону түзүшкөн, аны доктор Ким Ун Ён жетектеген.

2005-жылы Бүткүл Дүйнөлүк федерацияны ЧоЧжон Вон жетектеген. WTнын жаңы президенти таэквондо дуйнөсүндөгү белгилүү адам болгон. Ал 1983-жылы Кенхи университетинде ушул спорттун түрүнүн атайын факультетти түптөгөн. Чо Чжон Вон 1995-жылы ошол эле Эл аралык изилдөө таэквондо институтундагы 2002-жылы Эл аралык таэквондо академиясынын ачылышына катышкан. 1999-жылдан баштап таэквондо Корей ассоциациясынын мүчөсү болгон, 1997-2003-ж. Кенхи университетинин ректору болуп иштеген.

Таэквондонун тарыхы2006-2007-ж.ж. WT жаңыланууларды киргизди: жаңы форма иштелип чыкты, электрондук анумация, федерациянын эмблемасы өзгөрдү. Ал эми 2006-жылдын 4-сентябры расмий түрдөгү таэквондо күнү болуп калды.

Бүгүнкү күнү WT – Олимпиадалык спорттун бир түрү. Бүткүл дүйнөлүк федерациянын 208 өлкөдө филиалы бар. Ал өзүнүнкатарында 40 миллиондон ашуун спортсмендерди, анын ичинде бир жарым миллион Түштүк Кореянын өзүндө гана саналат.

Башынан эле спортко, негизги курамын түзгөн таэквондого басым жасаган, Туштүк Кореяда бүт дүйнө жүзү сыяктуу эле Бүткүл Дүйнөлүк Таэквондо Федерациясы чоң популярдуулукка ээ. Бүткүл Дүйнөлүк Федерациясынын негизги күчтөрү таэквондону спорттун бир түрү, мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү, калыстар системасын өнүктүрүүнүн атагын чыгаруу болгон. Бүт дүйнө жүзүнө таэквондонун спорттук багытта тарашы, бүт эл аралык уюмдар тарабынан таанылышы жана Олимпиадалык оюндар программасына киргизилиши күтүлгөн жыйынтык болду.