Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

“Куккивон” Дүйнөлүк Таэквондо Академиясы

Куккивон – Сеулдун түштүк тарабынан орун алган таэквондонун бирдиктүү окуу борбору. Куккивондун имараты 1972-жылы 30-ноябрда ачылган жана таэквондонун ар кайсы мектептерин бириктирүү процесси аяктады.

Негизги маселелери

Имаратта жайгашкан бирдиктүү окуу борбору беш негизги маселени чечет: Дандарды расмий түрдө тапшырууну жана Куккивондун студенттерине жана World Taekwondo Federation (WT) курамына кирген ар кайсы улуттагы федерациянын өкүлдөрүнө сертификаттарды тапшырууну. Инструкторлорду даярдоону жана таэквондону бүткүл дүйнөгө тааныштырууну. Таэквондо техникасын изилдөө жана өнүктүрүү. Рекорддор хроникасын киргизүү, окуу китептерин жана усулдук китептерди, пособияларды, окуу-усулдук видеофильмдерди чыгарууну. WTга жана таэквондо менен байланышкан башка уюмдарга техникалык жактан жардам көрсөтөт.

Имарат

Улуттук корей стилиндеги чатырлуу имарат Сеулдун Кангнам аттуу районунда жайгашкан. Алимаратты салуу иштери 1971-жылы 19-ноябрда башталган. Иштин жалпы суммасы 1 миллион доллардан ашуунду түзгөн. Куккивондун биринчи кабатынын жалпы аянты 10 000м². Куккивондун имараты өз ичине томөнкүлөрдү камтыйт: мелдеш үчүн аренаны, стадионду (көрүүчүлөр үчүн), пансионатты, эки аудиторияны, эки кийим чечүүчү жайды, эки душ бөлмөсүн, клиниканы,компьютердик залды, эки административдик офисти, жети канцелярийди, павильонду, беш эс алуу бөлмөсүн, кафетерийди, күзөт үчүн бөлмөнү. Мындан тышкары территорияда башка имарат да бар. Ал жердин биринчи кабатында кафе, экинчи кабатында музей жайгашкан. Жанында спортко керектүү нерселердин жабдуусун жана сувенирлерди сатып алуу үчүн дүкөн бар. Имаратта таэквондо боюнча көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык турнирлер, анын ичинде биринчи жана экинчи бүткүл дүйнөлүк чемпионат, ошондой эле биринчи азиаттык биринчилик дагы өткөрүлгөн.