Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Спорт лагери

Спорт лагериКыргыз Республикасынын таэквондо Академиясынын тарбиялануучулары жыл сайын окуу-машыгуу мезгилинен кийин Ысык-Көлгө окуу-машыгуу жыйындарга барышат. Жагымдуу жагдайда таэквондонун техникаларына машыгышат. Ошону менен бирге эле балдар пансионаттардын жанаэс алуу жерлердин администрациясы тарабынан уюштурулган маданият-массалык иш-чараларга катышышат.

Спорттун бардык түрлөрүнүн өкүлдөрү маанилүү старттын алдында ден соолукту чыңдоочу, калыбына келтирүүчү, машыктыруучу ар тараптуу багыттагы жыйындарды практика кыла тургандыгы белгилүү. Таэквондо Академиясы үчүн жыйын – бул окуу-машыгуучу бөлүмдүн аякташынын маанилүү бөлүгү, ошону менен бирге эле коллективди бириктирүү, командалык сезимдерин формировкалоо. Ошондой эле спорт уюмдарынын жетекчилери машыгууда, мелдештерде жакшы жетишкендиктерди көрсөткөн жаш таэквондисттерди сыйлоонун бир түрү катары карашат.

Спорт лагери

Ошондуктан Академиянын жетекчилиги жыйындын астында спорт базасына дал келген жана инфраструктурасы эң жакшы болгон эс алуу жайларын тандоого аракет кылышат. Балдар үч маал күчтүү тамактануу алышын, жакшы номерлерди жашашын, бардык оюндарда жана сынактарда катышышын эске алышат. Академиянын жетекчилиги ыңгайлуу жерде жайгашышына, таза жээктин болушуна, коопсуздук максатында тайыз болушуна, сейилдөө шарт болушуна өзөчө көңүл бурат.

Былтыркы жылдары жыйындар “Чайка Ресорт” пансионатында, “Солнышко” эс алуу үйүндө, “Маяк” спорттук ден соолукту чыңдоо жеринде жана башка мекемелерде өткөрүлгөн. Жыл сайын жалпы эсеп боюнча жыйырмадай ар кайсы жаш курактагы, 8-10дон 13-17деги балдар барышат. Алар менен бирге Академиянын инструкторлор таэквондо Академиясынын президенти У.Тохтурбаев менен биргеликте машыгышат. Ал таэквондо техникасын жакшыртуунун жана өнүктүрүүнүн, чеберчиликти жогорулатуунун, денени жана духту бекемдөөнүн үстүндө иштейт.

Ысык-Көлдөгү эс алуу жана уктоо күн тартиби, иш-чаранын ырааттуулугу, күчөтүлгөнмашыгуу жаш спортсмендердин чеберчилигин жогорулатууда психологиялык жана эмоционалдык жакшы таасир берет. Алар каалоолору жана тырышчаактык менен машыгышат, аларга кыйын техникалар, уруулар жана приемдор оңой бериле баштайт. Балдардын жөнгө салынган машыгууларына башка эс алуучулар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, көптөгөн балдар ушундай кызыгуу менен күбө болушат.

Спорт лагери

Көргөндөн кийин көптөгөн ата-энелер балдарын жаздырууну чечишет. Бул тренерлерге жагымдуу маанай тартуулайт.

Балдар бош убактыларында сууга түшүшөт, күнгө күйүшөт, тасма көрүшөт, дискотекага барышат, кооз жерлерге жөө жана ат үстүндө экскурсияга барышат, көл үстүндө кайык менен сейилдешет, баскетбол, футбол, волейбол боюнча турнирлерге катышышат.

Эс алып жаткан башка мамлекеттин, атап айтканда Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын жана Россиядан жыйындарга келген спортсмендери менен достук турнирлерин да өткөрүшөт.

Ата-энелер балдардын спорттогу жыйынтыктарына кайгырышат, алардын алгу умтулуусун материалдык жана моралдык жактан колдоп турушат. Балдар жыйындарда өзгөчө энергия менен машыгышат, анан күзүндө маанилүү турнирлерге даярдануу үчүн өз спорт залына кайтышын каалашат.