Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Керектүү нерселер менен жабдуу

Керектүү нерселер менен жабдуу

Таэквондо (WT) үчүн негизги жабдуулар:

 

Добок

Шымдан, үстүңкү кийимден жана курдан турат. Балдар (кара-кызыл тилкеси менен) жана чоңдор үчүн (кара тилкеси менен) деп бөлүнөт. Добканын өңү – ак. Добка – бул спорттук амунациянын, таэквондо сабактарынын сөзсүз тизмесине кире турган элементинин бири. Таэквондодобок – бул машыгуу үчүн кийилген атайын кийим гана эмес, ал ар түрдүү деңгээлдеги мелдештерге жана чемпионаттарга катышуу үчүн расмий формасы болуп саналат. Добок, Бүткүл дүйнөлүкТаэквондо Федерациясынын стандартына дал келет, урушууга катышуу үчүн коюлган талаптардын бири болуп саналат. Таэквондо сыяктуу спорттун түрүндө, анумацияга бир нече талаптар бар. Ошентип, куртка кене болуш керек, спортсмендин кыймылын кыспаш керек жана жамбашын жапкандай узун болуш керек. Расмий талаптар боюнча куртканын жеңи кырк муундан 3 сантиметрге узун жана кенен болуш керек, анткени куртканын астына кошумча коргонуучу кийимдерди жана мээлейлерди кийишет. Ушул эле талаптар шымга – алар өтө эле узун болуш керек, анткени тизеге шиттерди кийиш үчүн.

 

Кур

Кур ак жана кара түстөгү болуп бөлүнөт. Курдун өңү спортсмендин (КЫП, ПУМ же ДАН) даярдык деңгээлин (квалификациясын) аныктап турат.

 

Шлем

Таэквондо ВТФнын машыгууларында жана мелдештеринде спортсмендердин башын коргоо үчүн кызмат кылат. Таэквондо (WT) үчүн шлемдердин негизги өңдөрү: ак, көк жана кызыл. Эң кеңири тараган түрү – ак. Аны машыгууларда жана ышкыбоздук мелдештерде колдонушат.

2013-жылы сентябрда DaeDo фирмасы Таэквондо үчүн электрондук шлемди сунуштаган. Бүгүнкү күндө категориялык мелдештерде сенсордук (электрондук) шлемдер колдонуп жүрөт. Жеке колдонуу үчүн аны сатып алуунун кажети жок.

 

Степка

Зал арналган спорт бут кийими. Таэквондо (WT) спортсменин керектүү нерселер жабдуунун бир болүгүболуп эсептелет. Ошондой эле, кээде машыгуу учурунда да колдонулат. Ага коюлган негизги талаптар: жогорку бекемдик жана үстүнүн чыдамдуук, согончогунун жана баш жагынын катуулук, ошондой эле таманын сыйгаланышы.

 

Капа

Душмандын бетке уруусунан, спортсмендин тишин коргоо үчүн арналган. Алар бир (тиштин үстүңкү катарын коргоо үчүн кеңири таралган түрү) жана эки тепкичтүү (толук коргоо) болот.

 

Протектор (күрмө)

Контактык машыгууларда на мелдештерде спортсмендин денесин коргоо үчүн арналган. Алар эки жактуу (бир жагы кызыл, экинчи жагы көк түстө) жана бир жактуу (кызыл же көк түстө) болуп бөлүнөт. Адидас ыңгайлуу болуш үчүн, биринчи орунда балдар үчүн ыңгайлуулугун карап, атайын балдар моделин чыгарат, ал чоңдордукунан женилдетилген түрү менен айырмаланат (сүрөттү кара).

Ошондой эле протекторлор адаттагы жана электрондук (сенсордук) болот. Электрондук күрмолөр мелдештерде колдонулат. Машыгууда колдонуу үчүн “калындатылган күрмөлөр” да бар. Мындай протектор калыңкурамы үчүн жакшы коргоону берет.

 

Колду коргоо

Душмандын уруусунан колду (чыканак бөлугүн) коргоо үчүн колдонулат. Кол жана бутка арналган щиттер стандарттуу жана күчөтүлгөн болот, алар чыканак муундарын кошумча коргоо менен айырмаланат.

 

Мээлей

Уруу учурунда спортсмендин манжаларын коргоо үчүн кызмат кылат.

 

Бандаж

Уруу мезгилинде спортсмендин денесинин ич бөлүгүн коргоо үчүн арналган. Бандажэркектер жана аялдар үчүн арналган.

 

Бутту коргоо (щиттер)

Уруулардан балтырды коргоо үчүн арналган. Бутту коргоонун стандарттуу, ошондой эле кошулган, тизени жана балтырды кошумча коргоо үчүн болот.

 

Футтар

Уруу учурунда таманды коргоо учүнкызматкылат. Футтар адаттагы жана электрондук болот.

 

Спортсмен үчүн дагы эмне керек:

 

Сумка же рюкзак

Маанилүү учур: машыгууга протекторду алып баруу керек же керек эмес экендигин билүү керек. Эгерда ооба болсо, анда сумканы же рюкзакты ичине эмнелер бата тургандыгын эске алуу менен тандаш керек: протектор, добок, кур, коргоо үчүн керектүү нерселер (шлем, шиттер, мээлей, футтар, бандаж, капа), мүмкүн, дагы степкалар жана сланецтер. Эмне үчүн сланецтер? Аны менен футтарды кийгенден кийин залда басууга ынгайлуу. Эгерде протектор албаш керек болсо, анда сумканын же рюкзактын кичине көлөмү туура келет.

 

Сланецтер

Алар жогоруда айтылгандай, залда басууга ынгайлуу, өзгөчө футтарды кийгенден кийин. Маанилүү учур: манжалар арасына кийиле турган сланецтер жарабайт, анткени футтар менен аны кийүүгө ыңгайсыз болот.

 

Суу үчүн бөтөлкө

Биринчиден, ал сөзсүз мелдештерде болуш керек, экинчиден машыгуудан кийин абдан суусайт. Ал эми коомдук суу бардык жерде жана мезгилде боло бербейт.

 

Ракетка же лапа, жаздык

Аны ар кандай аташат, мага ракетка жакыныраак болот. Шериги менен, же жаныбаштапжаткан спортсмендер ата-энелери менен урууларды иштеп чыгуу үчүн кызмат кылат. бир же эки тепкичтүү болот. Функционалдык жактан айырмасы жок. Үн жагынан гана уруп жаткан айырма болот. Ар кандай көлөмдоболот, балдарга арналгандан баштап чоңдорго чейин. Кичинекей ракеткалардын блиндери да кичинекей болот, андыктан ага далкелүү да кыйынраак, ал ракетканы кармап турган туткасы кичинекей болуусу колдун ар кандай травма алышына себепкер болот. Көбүнчө орто көлөмдөгү ракеткаларды тандашат. Ал көпкө кызмат кылаарын эске алышат. Ал эми кичинекей ракетка бат эле кооз буюмга айланат. Ошону менен бирге, аны алып жүрүү сумканы да эске алуу керек.

 

Эспандер – бут үчүн машыгуу

Бел жана бут булчуңдарын машыктыруу үчүн абдан керек. Ал машыгуу күтпөстөн эле үйдө даярдануу үчүн ыңгайлуу,кыска убакта жакшы жыйынтык бере алат.

 

Эластивдүү эмес тейп

Тейптин ролиги ар дайым керек болот. Медициналык пластрдан айырмаланып из калтырбайт жана аллергия кылбайт. Жарат болгон жерди аныктай алат.