Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Биздин Академиясы

Биздин АкадемиясыКыргыз Республикасынын Таэквондо Академиясы (WT) 2015-жылы түзүлгөн. Академия ар кандай курактагы төрт топтон турат: балдардан, кадеттерден,  юниорлордон, кишилерден, жалпы саны 500дөй таланттуу жана келечектүү спортсмендерден. Анын ичинен он КРнын чебери, 70 чеберге талапкерлер жана 100 1ден 6-чы Дан кара алкактардын ээлери. Географиялык жактан, Бишкек шаарынан тышкары Академия Кыргызстандын түштүк  жана түндүк  региондорунда ачылган. Окуу-машыгуу процесси: “Спортто, жашоодо сыяктуу эле – бардыгы умтулуу жана эмгек,  эркиндик жана тырышуу аркылуу берилет”, – деген ураан астында жүргүзүлөт.

Таэквондо Академиясынын иш аракети келечекте дене тарбияда жана спортто өзүн көрсөткөн,  сергек жашоо ыңгайын пропагандалай ала турган адистештирилген инструктор-кадрларды даярдоого багытталган. Тренердик ишти жашоонун негизи кыла тургандарга, Кыргызстанда спорттун ушул олимпиадалык түрүн өнүктүрө ала тургандарга, ар кандай келечектүү эл аралык турнирлерде, жада калса Олимпиада оюндарына чейин жаңы чемпиондор плеядасын тарбиялай тургандарга өзгөчө көңүл бурулат.

Биздин Академиясы

КРнын Таэквондо Академиясынын (WT) ишмердүүлүгүнүн эң негизги багыттарынын бири корей маданиятына жана каада-салттарына толеранттык мамилени калыптандыруу болуп саналат. Таэквондо – бул корей элинин улуттук спорттун түрү, ошондуктан Таэквондо Академиясынын жетекчилиги жана тренерлер курамы Корея Республикасында кабыл алынган корей элинин каада-салттарынан, көнүгүүлөрүнөн, блоктордун аталыштарынан, соккуларынан четке кетпей иштешет.

Биздин Академиясы

Таэквондо Академиясы көптөгөн спорттук жана уюштуруу-массалык иштерди жүргүздү: калыстардын иши калыптанды, Кыргызстандагы Таэквондону өнүктүрүүгө  чоң салым кошулду. Жыл сайын коңшу жана алыскы чет мамлекеттердин катышуусунда КРнын Таэквондо Академиясынын Кубогу жана Биринчилиги өткөрүлүүдө, ошондой эле квалификациясын жогорулатуу үчүн аттестация (кара жана түстүү алкактарды коргоо)  жана тренерлик семинарлар өткөрүлүүдө.

Биздин Академиясы

Академиянын тарбиялануучулары спорт залында гана машыкпастан жыл сайын тренерлер жана инструкторлор менен Ысык-Көлгө окуу-машыгуу жыйындарына барышат. Мындай иш-чара команданын рухун көтөрөт жана тарбиялануучулардын денесинин чыңалышына абдан жакшы таасирин тийгизет.

Академиянын социалдык иши да маанилүү орунда турат. Таэквондо Академиясынын (WT) эшиктери мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга да ачык. Аларга Академиянын  инструкторлору аптанын эки күнү  акысыз сабак өтүшөт. Бул иш аркылуу Академиянын жетекчилиги,  кол астындагы жаш адистерге үлгү берүү менен,  социалдык миссиясын көрөт жана коомдун алдындагы жоопкерчилигин сезет.

 

 

Академиянын тарбиялануучуларынын жетишкендиктери

 

Биздин Академиясы

Бүткүл дүйнөлүк Таэквондо Федерациясынын (WT) Президенти г-н Чунг Вон Чой

Убайдула ТОХТУРБАЕВ – КРнын Таэквондо Академиясынын (WT) Президенти, КРнын эмгек синирген машыктыруучусу, КРнын спорт чебери, эл  аралык 6чи Дан кара алкактын ээси, “КРнын Элдик Билим берүүнүн Отличниги”, КГАФКжанаСнын бүтүрүүчүсү.

У.Тохтурбаев улуу тренер катары Хошиминдеги (Вьетнам), Сеулдагы (Түштүк Корея), Алматыдагы (Казахстан) Азия чемпионатына   тарбиялануучулардын катышуусун уюштурган, ал  жерден биздин спортсмендер жогорку орундарга көтөрүлгөн. 2012-жылы  окуучулар «Russia Оpen» турниринде күмүш медалдарын алуу менен  ийгиликтүү катышышкан. 2008-жылы жана 2013-жылы эл аралык «Korea Оpen» турнирде алтын медалды алууга жетишкен.

2016-жылдын күзүндө Академиянын базасында  Кыргызстандын түштүк жана түндүк  региондордун спортсмендеринин, ошондой эле коңшу Казахстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан келген коноктордун катышуусунда “КРнын Таэквондо Академиясынын Кубогу”  өткөрүлгөн. Анын артынан эле алдыңкы клубтар “Барыс” жана “Достар” аттуу казакстандык  таэквондистердин катышуусунда бир нече турнирлер өткөрүлгөн.

Биздин Академиясы

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин директору – Шабданбаев Канат Кеңешович.

Ушул эле жылдын 15-17-апрелинде  Москвада өткөрүлгөн  биринчи эл аралык “Олимпийская мишка” аттуу турнирде Академиянын тарбиялануучулары: Алексей Колчин, Кристина Дементьева, Владимир Тюленев, Элина Хван, Камилла Мамбетова жана Мухаммед Жансеркеевдер чоң ийгиликтерге жетишишкен.

27-28-майда Таэквондо Академиясынын экинчи Биринчилиги өткөрүлгөн. Бул күрөштө Академиянын инструкторлорунун тарбиялануучулары катышкан: Ислам Шүкүров, Роман Квашин, Роберт Пак, Ислам Жылкычиев, Азиз Боталиев, Нурлан Джумалиев жана Анист Шахова. Ошондой  эле турнирге катышуу үчүн Кыргызстандын түштүк жана түндүк региондорунан, Таэквондо Академиясынын филилалдарынан, 50 спортсмен  келген.

Таэквондисттер  2016-жылдын 28-29-октябрында Тажикистан Республикасынын Худжанд шаарында өткөрүлгөн «Таэквондо WT-2016» аттуу эл аралык фестивалда абдан мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алышты. Бул иш-чарада Казахстан, Кыргызстан жана Тажикистандын бардык булуң бурчунан келген өкүлдөр катыша  алышты.

Ошол эле  жылдын июл айында Казахстандын Таэквондо Федерациясынын чакыруусу менен Убайдула Тохтурбаев жана Академиянын инструктору Ислам Жылкычиев  Таэквондонун Дүйнөлүк Федерациясынын камкордугу алдындагы олимпиадалык программанын алкагындагы Алматыдагы эл аралык тренердик  курсту  бүтүп келишти.

 

Академия – инструкторлорду даярдоо боюнча баштапкы базалык этабы, тренердик чеберчиликтин башаты

 

Биздин Академиясы

Азиаттык Таэквондо Союзунун (WT) Президенти г-н Ли Кю Сок

КРнын Таэквондо Академиясынын тренерлери – 2чи Дандагы кара алкактын ээлери: Андрей Диденко, Евгений Руденко, Кылыч Рыскелдиев; 3чү Дандагы кара алкактын ээлери: Исламбек Исаев, Роман Квашин, Роберт Пак, Нурлан Джумалиев, Ислам Жылкычиев, Азиз Боталиев, Владимир Тюленев, Муратбек уулу Атай, Иман Кенжебаев, Камилла Мамбетова; 4чү Дандагы кара алкактын ээлери: Ислам Шүкүров. Команданын ырааттуу иш алып баруусунун аркасында Таэквондо Академиясына   катышуучулардын саны күн сайын өсүүдө.

Таэквондо Академиясы жакынкы аралыкта өзүнүн тажрыйбасынын негизиндеги методикалык колдонмолор сериясын чыгарууну пландаштырып жатат.

КРнын Таэквондо Академиясы республиканын спорттук жашоосунун негизин түзөт, мамлекеттик органдар менен, Кыргыз Республикасына Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенти менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ошону менен, биргеликтүү иш алып баруу Кыргызстандын бардык булуң бурчунда спорттун бул түрүн  өнүктүрүү шарт түзөт.

 

Биз өзүбүздүн иш-аракетибиз менен таэквондонун техникасын, дененин өрчүшүн гана үйрөтпөстөн, тарбиялануучуларга эң мыкты моралдык жана адамдык сапаттарды калыптандырууну болуп саналат. Спортсмен олимпиадалык принциптерди жана баалулуктарды сыйлашы керек, чынчыл, жоопкерчиликтүү, калыс, машыгууларда тырышчаак,  эр жүрөк, тентайлашуучуга калыс, командадагы теңтуштарына арам ою жок болушу керек, тренерге сый көрсөтүшү  керек  жана Академияга чын дили  берилиши керек.

Убайдула ТОХТУРБАЕВ,
Таэквондо Академиясынын Президенти WT КР